Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын 50 дипломатиялык өкүлчүлүгү бар

Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын жалпы 50 дипломатиялык өкүлчүлүгү бар.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар элчиликтер, башкы консулдуктар жана кеңселер. Алардын ичинен 32 өлкөдө толук кандуу элчиликтер иш алып барууда.
“Быйылкы жыл тарыхый жыл болуп саналат, анткени Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын жаңы элчилиги ачылды.
Бул элчилик — Кыргызстандын Африка континентиндеги эң алгачкы дипломатиялык өкүлчүлүгү, жана ал кызматташтык менен өнөктөштүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул – өлкөнүн эл аралык байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам.