Нарында ЖКККБнын башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н.Т. кармалды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Ат-Башы райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Связанный пост