Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 1,2 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 9 айында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын маалыматы боюнча, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10 пайызга өскөн.
Ал кошумчалагандай, 2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалды:
- фармацевтика продукциясын өндүрүүнүн 2,3 эсеге жогорулашы;
- тамак-аш азыктарын жана тамеки каражаттарын өндүрүүнүн 40,1 пайызга өсүшү;
- резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 31,8 пайызга жогорулашы;
- жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык иштин продукциясын өндүрүүнүн 28,7 пайызга өсүшүнүн;
- химиялык продукцияны өндүрүү 17,7 пайызга жогорулашынын;
- текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүүнүн 8,5 пайызга өсүшүнүн.
- пайдалуу кендерди казып алуунун 16,3 пайызга жогорулашынын.