Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жыл башынан бери дээрлик 10 млрд долларды түздү

 Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жыл башынан бери дээрлик 10 млрд долларды түздү

2025-жылдын январь–август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 9 миллиард 848,1 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 9,1 пайызга кыскарган. Экспорттук жеткирүүлөр 23,7 пайызга азайса, импорттук алып келүүлөр 5,2 пайызга төмөндөгөн.

«2025-жылдын январь–август айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 миллиард 349 миллион долларды түзүп, 3,3 пайызга азайды. Өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россияга — 65,7 пайыз, Казакстанга — 32,1 пайыз туура келди», — деп белгиледи Керималиева.

Связанный пост