Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5,5 пайызды түздү

 Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5,5 пайызды түздү

Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, республика боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айларында:

  • тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,4 пайызга жогорулады;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 5,1 пайызга өстү;
  • тзык-түлүк эмес товарларга баа 3,3 пайызга жогорулады;
  • калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 6,3 пайызга өстү.

“Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарында байкалды”, — деп белгиледи Керималиева.

Баалардын эң жогорку өсүшү — 7,5 пайыз — Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын 10,9 пайызга кымбатташына байланыштуу болду.

Ошондой эле тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүшү Чүй облусунда (9,5%), азык-түлүк эмес товарларга Ысык-Көл облусунда (4,8%), ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы Талас облусунда (9,3%) байкалды.

Связанный пост