Өлүм жазасыбоюнча Президенттин администрациясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга койду

 Өлүм жазасыбоюнча Президенттин администрациясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга койду

Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат.

Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин жогорку баалуулуктарына киргизилген, ал эми алардын өмүрү жана жыныстык кол тийбестиги өзгөчө коргоого алынууга тийиш. Мындан тышкары, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларацияны камтыган эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат, алар өлкөлөрдү аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого милдеттендирет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы жылдары өлкөдө адам өлтүрүү жана зордуктоо фактылары көбөйүүдө:

Адам өлтүрүү:

  • 2021 — 39 (анын ичинен 3 бала, 36 аял);
  • 2024 — 43 (9 бала, 34 аял);
  • 2025-жылдын 8 айы — 28 (7 бала, 21 аял).

Зордуктоо:

  • 2021-жылы — 80 (анын ичинен 68и жашы жете электер);
  • 2023-жылы — 175 (160ы жашы жете электер);
  • 2025-жылдын 8 айында — 81 (62си жашы жете электер).

Авторлор белгилегендей, кылмыштардын олуттуу бөлүгү жашыруун бойдон калууда, анткени жабырлануучулардын үй-бүлөлөрү коомчулукка жарыя болуудан коркушат.

Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

“Ар бир адамдын жашоого ажыратылгыс укугу бар. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч ким өзүм билемдик менен өмүрүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасы мыйзам менен балдарды зордуктаган, зордуктоо менен коштолгон киши өлтүрүү үчүн гана белгилениши мүмкүн”.

Ошону менен бирге, Кыргызстанды өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата Экинчи Факультативдик протоколго кошулган 2010-жылдын 16-мартындагы № 52 мыйзамын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Эгерде мыйзам долбоору жалпы элдик референдумда кабыл алынса, Жогорку Кеңешке Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза-процессуалдык жана Кылмыш-жаза-аткаруу кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Түшүндүрмө катында көрсөтүлгөндөй, документтин кабыл алынышы кошумча мыйзам алдындагы актыларды талап кылбайт.

Связанный пост