Садыр Жапаров Пакистандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Ханды ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Пакистан эл аралык жана регионалдык мамилелер системасында маанилүү орунду ээлей турганын жана Кыргызстан Пакистан менен эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Президент Кыргызстан Пакистан менен соода, энергетика, өнөр жай жана медицина тармактарында кызматташууга, инвестициялык долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга умтулаарын ырастады.
“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода карым-катнашты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, – деп баса көрсөттү ал.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгынын маанилүү багыттарынын бири – өлкөлөрүбүздүн транспорттук-транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу болуп саналарын кошумчалады.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Пакистан менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлык билдирди.
Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Алтамаш Вазир Хан жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.
Элчи Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара алакалар жакынкы жылдарда эки өлкөнүн жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасында жаңы дем алаарына ишенимин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо максатында эки жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.