Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам жеткирди
Кыргызстан Афганистандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасынын жана министрлер кабинетинин чечиминин алкагында Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында Эмгек министрлиги тарабынан гуманитардык экспедиция уюштурулду.
Экспедиция ийгиликтүү жеткирилип, Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.
Сапардын жүрүшүндө экспедициялык топтун жетекчилиги астында министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Афганистандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда этникалык кыргыздардын жашоо шарттары, провинция бийлигинин учурда көрүп жаткан чаралары жана алдыдагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча пландары талкууланды.
Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлери жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу тарабынан 765 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 187си аялдар, 207си балдар болду. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлдү.
Ветеринардык кызматтын адистери малды кароо иштерин жүргүзүп, эмдөө боюнча кеңештер жана практикалык тренинг өткөрүштү. Натыйжада 10 төө, 40 ат, 367 баш як жана 840 баш кой-эчки текшерүүдөн өткөрүлдү.