Акыркы 4 жылда чек арачылар үчүн 250дөн ашык имарат курулду

Акыркы 4 жылдан бери Чек ара кызматына 250дөн ашык имараттар курулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун Чек ара кызматынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.
Ташиевдин айтымында, анын арасында чек ара заставалары, бала бакчалар, посттор жана башкалар бар.
“Эми штаб-квартирасы курулса Чек ара кызматынын бардык имараттары жаңыланат.
Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек аралар 100 пайыз толук такталып бүттү.
Учурда демаркациялоо иштери жүрүп жатат. Мындан ары биздин чек арачыларыбыздын милдети такталган чек араларды коргоп, чек ара бузууларга жол бербеши керек. Ал үчүн биз чек арачыларга татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз”, – деди ал.