Өлкөдөгү ветлабораториялар эл аралык стандартка толук шайкеш келет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал борбордун химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү жана вирусология бөлүмдөрүн көрүп чыкты.

Айрыкча мал чарбачылык продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, аны экспортко чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө борбордун лабораториялык базасы эл аралык стандарттарга толук шайкеш келери, бул ар кандай татаал анализдерди жана изилдөөлөрдү өнөктөш өлкөлөрдүн талаптарына ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Мамлекеттик колдоонун жана министрликтин туруктуу ишинин аркасында акыркы жылдары борбордун бюджети бир кыйла көбөйдү. Бул жаңы жабдууларды сатып алууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү.

Министр белгилегендей, ветеринардык-диагностикалык инфраструктураны өнүктүрүү — эпизоотиялык бакубаттуулукту, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-мекендик мал чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат.

Связанный пост