Брюсселде Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 млрд доллар бөлүү макулдашылды
9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарында “Global Gateway” форумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Форумдун алкагында министр эл аралык каржы уюмдары, Казакстандын энергетика министри Е.Аккенженов жана Өзбекстандын энергетика министри Ж.Мирзамахмудов менен жолугушууларды өткөрүп, “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушууда Европа биримдиги кылым долбоору Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун ишке ашырылышын жана курулушун колдоорун билдирди.
Мындан улам ЕБ долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга жалпы 2,4 млрд доллар бөлүүгө макулдугун билдирип, үч мамлекет менен эки тараптуу документке кол койду.
Анын ичинен Европа Биримдиги Кыргызстанга 1 млрд доллар бөлүүгө даярдыгын билдиргенден кийин эки меморандумга кол коюлду. Алар:
- КР Энергетика министрлиги менен Европа инвестициялык банктын ортосунда “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. Аталган документке энергетика министри Т.Ибраев жана Европа инвестициялык банкынын башкы директору Эндрю Мак Довелл кол койду.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында долбоорду 500 млн долларга чейин каржылоо маселеси макулдашылды. - ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассонун катышуусунда КР Энергетика министрлиги менен Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банктын ортосунда “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке энергетика министри Т.Ибраев жана Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Хусейн Озхан кол койду. Анда долбоорду 500 млн долларга чейин каржылоо макулдашылды.
Маалымат үчүн: “Global Gateway” форумуна ар өлкөнүн жогорку даражагы өкүлдөрү, бизнес-чөйрө жана эл аралык каржы уюмдары катышты. Форумдун негизги максаты эл аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.