Баткенде жергиликтүү ишкананын унуна суроо-талап жогору болууда

Баткенде Кызыл-Кыя шаарындагы “Дан” ун чыгаруучу ишканасы аймакты жогорку сапаттагы ун менен камсыздоодо. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Айбек Шаменов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Ишкана бир жыл мурун заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жеке ишкер 50 млн сомго жаңы завод куруп, күнүнө 40 тонна ун өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Заводдун иши заман талабына жараша автоматташтырылган. Андан сырткары, 30 адам жумуш менен камсыз болгон.

Учурда ишкана Казакстандан 5000 тонна буудай алып келип, жогорку сапаттагы ун өндүрүп, Баткен облусун ички базарларында жана Ош облусунун кошуна райондоруна сатылууда.

Ички базарда “Дан” ишканасынын унунун сапаты бааланып, суроо талап жогору болууда.

Связанный пост