Айыл чарба министрлиги таластык дыйкандардын төө буурчагын сатып алууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Таласта дыйкан-фермерлерден төө буурчак сатып ала баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, бул дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлкөдөгү азык-түлүктөргө болгон бааларды туруктоо кармоо максатында жүргүзүлүп жатат.
Учурда дыйкан-фермерлер үчүн бааны ыңгайлуу кармап туруу максатында Талас облусунда төө буурчакты сатып алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле алдыда картошканын баасы төмөндөп кете турган болсо, министрлик картошканы жергиликтүү дыйкан-фермерлерден ыңгайлуу баада сатып алуу иш-чараларын жүргүзө тургандыгын билдирет.
Белгилей кетсек, мындай аракеттер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү жана керектөөчүлөргө азык түлүккө болгон бааны жеткиликтүү кармоо максатын көздөйт.