Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод ноябрда биринчи таштандыны кабыл алат

 Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод ноябрда биринчи таштандыны кабыл алат

Бишкек шаарынын санитардык полигонунда курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү экотехнологиялык завод ноябрь айынын ортосунан өз ишин баштап биринчи таштандыны кабыл алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, заводдун курулуш иштери 20 күндөй алдыда болуп, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүүдө.

“Алгач таштанданы кабыл алып иргеп, кургатып өрттөгөнгө даярдашат. 28-декабрда заводдун ачылышы болгондо биринчи таштанды жагылып, электр энергиясы кубаттуулугу менен жалпы тармакка берилип баштайт. Негизинен суткасына 460 МВт электроэнергия кубаттуулугу өндүрүлүп, анын 410 МВт шаардык энергетика тутумуна берилет. Бирок, бул кубаттуулук башында иштелип чыккан кубаттуулук, кийин толук мүмкүнчүлүктөрү менен 750 МВт кубаттуулук электр энергиясын өндүрүүгө жетишмекчи”,- деди шаар мэри.

Ошондой эле ал бул завод алгач миң тонна, келечекте 3 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, долбоорго жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 млн долларды түзөт жана заводдун жалпы аянты 12 гектар.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост