Шайлоочулар аралыктан добуш бере алат

 Шайлоочулар аралыктан добуш бере алат

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш бере алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 30-ноябрда шайлоочу катталган округуна кандайдыр бир себептер менен бара албай калса, башка округдан добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

“Эгер шайлоочу добуш берүү күнү Кыргызстанда же чет өлкөдө болсо да, добуш бере алат. Мисалы жараныбыз иш сапары же башка жумуштары менен шайлоо күнү АКШга барып калса, ага ошол жактагы шайлоо тилкесинен өлкөдө өзү катталган шайлоо округунун бюллетени чыгарылып берилет”, – деди ал.

Ошондой эле Тынчтык Шайназаров коомчулукка аралыктан жана электрондук түрдө добуш берүүнүн айырмачылыгын түшүндүрдү.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө аралыктан добуш берүүгө болот, ал эми электрондук түрдө добуш берүү ыкмасы киргизиле элек.

“Аралыктан добуш бергенде шайлоочу шайлоо тилкесине барат. Муну электрондук добуш берүү менен алмаштырбаш керек. Бизде азырынча электрондук добуш берүү колдонула элек. Электрондук добуш берүү – бул шайлоочу үйүндө отуруп эле, телефону менен өз округуна караган каалаган бир талапкерге добуш берүү. Кыргызстан техникалык жактан буга даяр. Бул мыйзамда да каралган. Бирок муну киргизүүгө бир тобокелдик бар. Мунун айынан добуш сатып алуу көрүнүштөрү катталышы мүмкүн. Биз келечекте электрондук негизде добуш берүү күнүнө да жетебиз. Шайлоочуларды сатып алууга мүмкүн болбогон учурда гана электрондук добуш берүүнү киргизе алабыз”, – деп айтты БШК төрагасы.

Белгилей кетсек, 30-ноябрдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат. Буга кошумча дагы 25 шайлоо тилкесин ачуу пландалууда. Чет өлкөдө жалпысынан 100 шайлоо тилкеси иштемекчи. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирди. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.

Связанный пост