Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 187 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

25-сентябрга карата “Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча 187,63 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны өлкө боюнча 52 субъект алды.
Аталган долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан 2025-жылдын 5-мартындагы бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Кредиттөөнүн суммасы 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.