Минкаб мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу эрежелерин тактады

 Минкаб мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу эрежелерин тактады

Министрлер кабинети 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документте белгиленгендей, өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине жана “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык кабыл алынды.

Токтомго ылайык:

– мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууга тыюу салынат. Бирок буга мунайды кайра иштетүүчү ата мекендик заводдор тарабынан өндүрүлүүчү мазут жана жылытуучу отун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) кирбейт.

– мурунку токтомдогу абзацтын бири күчүн жоготту деп таанылды;

– 3-пунктта “финансы” деген сөз “коммерция” деген сөзгө алмаштырылды;

– 5-пунктта “Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр “Министрлер кабинетине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост