Агартуу министрлиги жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга сынак жарыялайт

 Агартуу министрлиги жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга сынак жарыялайт

Бүгүн Агартуу министрлигинде “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жыйын өттү.

Министрликтен билдиришкендей, талкууда жаңы окуу китептерин жайылтуу жана ыңгайлаштыруу, математика жана табият таануу предметтери боюнча материалдарды басып чыгарууну тездетүү жана башка класстар үчүн окуу китептерин даярдоо маселелери талкууланды.

Маалым болгондой, «Кыргыз тили», «Тарых», «География» предметтери боюнча авторлор жана иштеп чыгуучулар арасында эксперттерди жана окуу жайларды тартуу менен ачык сынак жарыялоо чечими кабыл алынды.

«Англис тили окуу китептерин лицензиялоо жана «Окуу китебинин» ишин оптималдаштыруу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу да талкууланды», – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост