Статистика комитети: 2030-жылы 65 жаштан жогоркулардын үлүшү 7%га жетет

БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкаларын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалымдалгандай, мында 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.
БУУнун классификациясына токтолсок, 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү калктын жалпы санынан 4 пайызынан аз болсо, жаш деп эсептелет, 4-7% деңээлинде калк карылыктын босогусунда турат, 7 пайыздан ашса – улгайган деп эсептелээри айтылган.
Ал эми 2025-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жана андан жогорку жаштагы жарандардын үлүшү 6 пайызды же 440 миңден ашык адамды түздү. Бул калктын карылыктын босогосунда турган категориясына ылайык келет. Айрым КМШ мамлекеттерине салыштырганда бул көрсөткүч жогору. Мисалы, Азербайжан – 10%, Казакстан – 9%, Россия жана Беларусь – 17%.
Белгилей кетсек, 2025-жылы туруктуу жана адилеттүү коомду курууда улгайган адамдардын ролуна өзгөчө көңул бурулат.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутериш быйылкы жылдын темасы улгайган адамдар натыйжалуу өзгөрүүлөрдүн коштоочулары экенин эскертип, алардын үнү саясатты калыптандырууда, курактык басмырлоону токтотууда жана инклюзивдик коомдорду курууда угулушу керектигин билдирген.
Эскерте кетсек, жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Карылардын эл аралык күнү белгиленет, бул күн 1990-жылы декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстандагы 65 жаш жана андан улуу курактагы туруктуу калкынын жынысы жана аймактар боюнча саны 2025-жылдын башына карата миң адамды баалоодо көрсөтүлгөн.