Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун талкуулашты

 Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун талкуулашты

25–26-сентябрда Брюссель шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча үчүнчү жолу жолугушту.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыйында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринин социалдык баалоосу, аткаруу жолдору жана эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле октябрь–ноябрь айларында өтө турган кийинки жолугушууга даярдык көрүү маселеси каралды.

Долбоордун алкагында 5,4 млрд кубометрлик суу сактагыч жана 1860 МВт кубаттуулуктагы гидроэлектростанция курулуп, жылына орточо 5,6 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлөт.

Катышуучулар долбоорду Борбор Азияда энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана суу ресурстарын туура пайдаланууга багытталган маанилүү демилге катары белгилешти.

Эске салсак, мындай форматтагы алгачкы жолугушуу 2025-жылдын январында Ташкентте, экинчиси май айында Дубайда өткөн.

Связанный пост