Өлкөдө термопласт өндүргөн завод ишке кирди

Кыргызстанда биринчи жолу жол чийиндерин чыгарууда колдонулуучу термопласт өндүргөн завод ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси “Вокко” ЖЧКсы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында келишим түзүлүп, Сокулук районунда жайгашкан 1000 чарчы метр имарат өндүрүштүк база катары колдонууга берилген.

Учурда завод толук кандуу жабдылып, керектүү минералдык материалдарды (доломит ташы колдонулат) майдалоочу 2 тегирмен, заманбап өндүрүш линиялары жана сапатына жооп берген лаборатория менен камсыздалды.

Завод толук кандуу ишке кириши менен ички рынокту камсыздап, келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да карайт.

Буга чейин термопласт толугу менен импортко көз каранды болгон болсо, эми ɵлкɵдɵ өндүрүлүп, логистикалык чыгымдар кыскарып, жол чийиндеринин сапаты жогорулайт. Жеткиликтүү баада сунушталган термопласт жол курулуштарында кеңири колдонулуп, унаа кыймылынын шарттарын жакшыртып, жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аталган заводдон чыгарылган термопласт жогорку сапатка ээ болуп, 1 жылдык кепилдик жана 3 жылдык эксплуатациялык мөөнөт менен колдонулат.

Бул долбоор – Кыргызстандын инфраструктуралык өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ болуп, мамлекеттик жеке ɵнɵктɵштүктү жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Связанный пост