Мектептерде «Күндөлүк» электрондук система ишке киргизилди

2025–2026-окуу жылынан тартып өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) ишке киргизилди.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул система билим берүү уюмдарында эсепке алуу, талдоо жана маалыматты сактоо процессин автоматташтырууга багытталган. Анын негизги максаты – билим берүү процессин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу.
«Күндөлүк» АМСтин негизги функциялары:
- окуучулардын жетишкендиктерин электрондук форматта сактоо;
- сабак темаларын, үй тапшырмаларын жана көзөмөл иштерин белгилөө;
- сабакка катышуу жана тартип боюнча маалыматтарды каттоо;
- окуучулардын электрондук өздүк делосун жүргүзүү;
- мугалимдердин жүгүн жана сабактардын автоматташтырылган ырааттамасын түзүү;
- ата-энелерди окуучунун жетишкендиктери, сабакка катышуусу жана сабак ырааттамасы тууралуу билдирүү;
- статистикалык жана аналитикалык отчётторду түзүү.
Белгилей кетсек, «Күндөлүк» АМСтин мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн акысыз колдонууга берилет.