Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды

 Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды.

Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынган соң Төрага Нурланбек Тургунбек уулу элге кайрылуу жасап, бул чечим тарыхый мааниге ээ экенин билдирди.

Тагыраагы, эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу парламент өзүн өзү таратуу боюнча чечимин кабыл алганын белгилеген Төрага 1994 жана 2007-жылдары ошол кездеги Президенттердин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылганын эске салды.

“Ал эми азыркы колдонулуп жаткан баш мыйзамда Президенттин парламентти таратуу укугу каралган эмес. Андыктан бул чечим парламенттин өзүнүн чечими болгонун так белгилейм. Биздин бул кадамыбызга эч кандай сырткы күчтөр, Президент же Министрлер кабинети аралашкан жок”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын, өлкөнүн туруктуулугун жана өсүп-өнүгүүсүн биринчи орунга коюп, парламентти таратуу демилгесин көтөргөн жана аны колдогон депутаттарга ыраазычылыгын билдирген Төрага: “Жеке кызыкчылыгыбызды ойлосок, дагы бир жыл иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бирок депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгыбыздан жогору коюп, ушундай чечимге келдик”, – деди.

Муну менен катар бул чечимди сындагандар да бар экенине токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу өлкөнүн келечегин ойлогон адам демилгени колдой тургандыгын кошумчалады.

Андан тышкары, төрт жыл аралыгында Жогорку Кеңештин VII чакырылышы мамлекетке керектүү көптөгөн маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алганын айткан Төрага: “Алардын катарында чечилбей келе жаткан чек ара маселелесине чекит коюп, коңшу Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери менен чек араларыбызды тактадык. Эчен жылдардан бери айтылып, бирок ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланышкан макулдашууларды ратификациялап бердик. Ошону менен катар улуттун жүрөгү саналган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алдык. Аймактык-административдик реформага багытталган мыйзам долбоорлорун да кабыл алууга жетиштик”, – деди.

Ошондой эле Совет доорунда адилетсиздик менен репрессия курмандыгы болгон аталарды актоо боюнча да VII чакырылыш эрктүүлүк менен иш алып барып, атайын мыйзам кабыл алганын эске салды.

Алдыдагы шайлоо боюнча да пикирин билдирген Төрага тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык келген ар бир кыргызстандык жаран, анын ичинен VII чакырылышта иш алып барган бардык 90 депутат өнөктүккө катышууга укуктуу экенин баса белгилеп: “Буга чейинки шайлоо кандай таза өтсө, алдыдагы шайлоону да толугу менен таза, ачык-айкын өткөрүүгө аракет кылабыз. Добуш берүү өнөктүгүндө алдоо, сатып алуу, бурмалоо өңдүү жосунсуз жоруктар болбойт. Ар бир талапкер чыныгы элдин добушуна ээ болуп, шайланышы керек”, – деди.

Буга кошумча Президенттин, Төраганын, генералдын батасын алып, шайлоого аттандым дегендердин баары жалган экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Талапкерге Президент да, Төрага да, генерал да бата бербейт, эл гана бата берип, мандат алат. Бир талапкерди сүрөп, же бир талапкерге атайылап бут тосуп, мурдагы айрым шайлоолордогудай, өнөктүктүн жыйынтыгын ызы-чуу менен бүтүргүбүз келбейт.   Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоону көздөйт. Эч кимге сүрөө же бут тосуу болбойт” – деди.

Ошондой эле адамгерчилик деген сапат түбөлүктүү экенин белгилеген Төрага талапкерлерди кара пиар менен алектенбестен, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.

Муну менен катар өзүн-өзү таратканы менен VII чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенче сакталарын да белгиледи.

“Эгер зарыл кырдаалдар болуп калса, Жогорку Кеңештин Төрагасы катары депутаттарды кезексиз сессияга чогулууга чакырам” – деген Нурланбек Тургунбек уулу эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, азыркы чакырылыш өлкөдөгү өнүгүүгө өз салымын кошконун кошумчалады.

Связанный пост