“Унаа” президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү

“Унаа” мамлекеттик мекемеси президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев “Учкун” ААКта номер белгилерине мөөр басуу боюнча жаңы жабдууларды тааныштыруу учурунда билдирди.

Албелгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда унаа номерлери чыгарылган эмес, Россиядан алып келинип, Кыргызстанда аларга мөөр гана басылчу.

“Президент бардык негизги документтер — паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, техпаспорттор, ошондой эле китептер мамлекеттик ишканаларда басылып чыгышы керек деген милдет койду. Буга чейин бул иштерди жеке компаниялар аткарып келген. Бүгүнкү күндө бардык система, анын ичинде мамлекеттик номердик белгилерди чыгарууга чейинки иштер жөнгө салынды”, — деп билдирди Туманбаев.

Ал белгилегендей, бир жума мурун “Унаа” мамлекеттик ишканасы расмий түрдө президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

“Биз бул багытта реформаларды баштадык. “Унаада” кезек күтүүлөр болбойт: унаа сатып алганда, бүтүмдү түздөн-түз “Түндүк” тиркемеси аркылуу жол-жоболоштурса болот. “Унаанын” бөлүмүндө болгону төрт гана терезе иштейт — техпаспорт менен келип, номерди алып кетүү жетиштүү болот”, — деди Туманбаев.

Связанный пост