Садыр Жапаров Тоолуу-Алтайдагы эл аралык конференциянын катышуучуларына салам жолдоду

Россия Федерациясынын Тоолуу-Алтай шаарында “Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты” II Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон куттуктоо сөзүн окуп берди.

“Алтай – бул жөн гана тоолордон, суулардан жана талаалардан турган географиялык аймак эмес. Бул – түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнөтаанымынын башаты болгон ыйык бешик. Дал ушул жерде бүгүнкү күнгө чейин түрк элдерин бириктирип турган руханий көрөңгөлөр калыптанган.

Кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий өзгөчө байланышты байыртан бери сезип келет. Орто кылымдарда алтай жергеси кыргыздардын ата мекени болгон. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою ушул жерде жашап, түрк элдерине таандык жалпы салттарды сактап, өнүктүрүп келишкен. Биз – бир тилдүү, бир тектүү үй-бүлөнүн өкүлдөрүбүз, ошондуктан алтайлыктар менен жолукканда бири-бирибизди сөз менен эле эмес, жан дүйнө менен да түшүнөбүз.

Связанный пост