Өлкөдө акыркы алты ай ичинде 68 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлдү

2025-жылга карата республика боюнча 821 айыл чарба кооперативи өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы 55 454 гектар айыл чарба жерин пайдаланууда.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аймактар боюнча бөлүштүрүү мындай:
- Чүй облусу — 118 кооператив (32 840 га);
- Ысык-Көл облусу — 71 кооператив (5 380 га);
- Ош облусу — 117 кооператив (4 331 га);
- Жалал-Абад облусу — 256 кооператив (5 961 га);
- Талас облусу — 88 кооператив (1 930 га);
- Нарын облусу — 85 кооператив (2 939 га);
- Баткен облусу — 86 кооператив (2 073 га).
Мындан тышкары, 2025-жылдын алты айында 68 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлүп, жалпы 1 007 гектар жер пайдаланууга алынган.
Алардын ичинен:
- Баткен облусу — 8 кооператив (61 га);
- Нарын облусу — 21 кооператив (153 га);
- Чүй облусу — 3 кооператив (75 га);
- Ысык-Көл облусу — 6 кооператив (367 га);
- Ош облусу — 16 кооператив (211 га);
- Жалал-Абад облусу — 9 кооператив (75 га);
- Талас облусу — 5 кооператив (65 га).
Айыл чарба тармагында фермерлерди окутуу, кеңеш берүү жана кооперация боюнча маалымат берүү максатында 2021-жылдан тартып Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА)нын колдоосу менен Кыргыз улуттук агрардык университетинде К.И. Скрябин атындагы жана Ош мамлекеттик университеттеринин базасында маалыматтык-окутуу борборлору уюштурулган. Бул борборлор керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жыл сайын пландалган окутууларды өткөрүп турат.