“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

 “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрда өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жеңүүчүлөр өздөрү катышышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну жана лотереяга катышууну улантууга үндөдү.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулганын И.Кыдыргычов эске салды.

Иш-чаранын катышуучулары лотереяга катышуу жана байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн мамлекетке ыраазычылыктарын билдиришти, ошондой эле лотереянын ачыктыгын жана айкындыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, лотереянын 2-утушунун байге ээлери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 34 адам болду.

Башкы байге KIA Rio автомобилинин ээси болуп үй кожойкеси Талас облусунун жашоочусу болду. Ал топтогон 170 билеттин ичинен бирөөсү байгелүү болду.

Дагы 9 адам iPhone 13, 9 адам Samsung А33 смартфондун ээси болушкан. Мындан тышкары, 3 муздаткыч, 3 телевизор, 3 микротолкундуу меш, 3 кир жуугуч машина, 3 чаң соргуч өз ээлерин табышты.

Эскерте кетсек, 1-октябрда Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Утушка 11 миллиондон ашык билет менен 135 миңден ашык адам катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Лотереянын акыркы үчүнчү утушу 30-декабрда болот.

Связанный пост