Кыргызстандын Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программасы бекитилди

 Кыргызстандын Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программасы бекитилди

2025-жылдын 1-сентябрында министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстандын 2025-2029-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программасы бекитилди.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул документ өлкөнүн экологиялык багыттагы экономикалык саясаттын жаңы этабын ачат.

Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, инновацияларды жайылтууга жана экологиялык стандарттарды жогорулатууга багытталган. Ал 2019-2023-жылдардагы Программанын (2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтом) ордуна кабыл алынып, жашыл инвестицияларга, энергиянын үнөмдүүлүгүнө жана агрардык секторду модернизациялоого өзгөчө басым жасайт.

2029-жылга карата негизги максаттуу көрсөткүчтөр:

  • 2022-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу ИДПнын энергия сыйымдуулугун 20 пайызга кыскартуу;
  • айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү 2022-жылдагы базалык деңгээлге салыштырмалуу 25 пайызга жогорулатуу;
  • деградацияга учураган жерлердин 30 пайызын калыбына келтирүү;
  • бекитилген индикаторлор матрицасына ылайык, мамлекеттик сатып алуулардагы “жашыл” үлүштү 30 пайызга жеткирүү;
  • өндүрүш жана социалдык секторлордо кайра жаралуучу энергия булактарын жана энергияны үнөмдөө технологияларын кеңири киргизүү.

Программанын жалпы чыгымдарынын көлөмү 23,36 млрд сомду түзөт. Анын ичинен 8,52 млрд сом республикалык бюджеттен каржыланат. 14,84 млрд сомдук каржылык боштук тышкы булактардан жабылат.

Ошондой эле мониторинг жана баалоо механизмдери менен коштолгон деталдуу ишке ашыруу планы бекитилди. Ал приоритеттүү инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду камтыйт.

Программа расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост