Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонянга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн тааныштырып, жыйындар өтчү залды көрсөтүп чыкты.

Ошондой эле армян делегациясы парламенттин жаңыланган телестудиясына да баш багып, Жогорку Кеңештин ишин коомчулукка чагылдыруу жаатындагы жагдайлар боюнча маалымат алышты.

Өзү да кесиби боюнча журналист экенин айткан Ален Симонян жасалып жаткан иштерге жогору баасын берип, атайын тактага каалоо-тилегин жазып калтырды.

Связанный пост