Азербайджандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусунун ири ишканалары менен кызматташууга кызыкдар
Азербайджандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусунун ири ишканалары менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөдөн келген ишкерлердин тобунун жетекчиси Зафар Мамедов Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ишкерликти өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды. Натыйжада ишкерлер Чүй облусунун “Кант Сүт”, “Үмүт и К” сыяктуу көрүнүктүү ишканалары менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. “Аталык Групп” ЖАК менен дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.
Ошондой эле, Азербайджан өлкөсүнөн келген ишкерлер Чүй облусунун Ысык-Ата, Кемин райондоруна убактылуу жайгашкан Баткен облусунан келген мекендештерге жалпы 252 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү.