Минкаб жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмесин бекитти

Министрлер кабинети жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмесин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечимдин максаты эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу.
Ага ылайык, тизмеге киргизилген жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын алдын алуу, диагностикалоо жана жоюу үчүн ветеринардык дары
каражаттарын сатып алуу тиешелүү укуктук ченемдик актылардын негизинде жүрүгүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторуна тизмеде каралган жаныбарлардын ылаңдарынын артыкчылыгына жана маанилүүлүгүнө жараша бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдаланууну аныктоо укугу берилди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.