Пакистандын премьер-министри Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

 Пакистандын премьер-министри Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады 

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шариф Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Пакистан Кыргыз Республикасы менен болгон жалпы ишенимге, жалпы тарыхка жана маданий жакындыкка негизделген боордоштук мамилени жогору баалайт. Эки тараптын тең жан аябас аракетинин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук алакалар мындан ары дагы бекемделе берерине ишенем. Жакында Исламабадда өткөн Пакистан-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны биздин эки тараптуу мамилелерибиздин тынымсыз чыңдалып жатканынан кабар берет. Жакынкы келечекте Улуу мартабалуу Сизди Исламабадда тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм.

Учурдан пайдаланып, Улуу урматтуу Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстан элине мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост