Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын өлкөнүн улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоого жана эң жакшы каалоолорумду билдирүүгө уруксат этиңиз.

Мажарстан Кыргызстанды маанилүү стратегиялык өнөктөш катары карайт. Биздин эки тараптуу мамилелерибиз динамикалуу өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар акыркы жылдары үзгүлтүксүз болуп жатканына кубанычтамын. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдерибиздин жыргалчылыгына кызмат кылат деп ишенем.

Сизди Мажарстан мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалогду улантууга, достук байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара сый-урматка негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларына ишендирем», – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост