Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана боордош Кыргызстан элине өлкөнүн Улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жана эң жакшы каалоолорун жолдоду.

«Бүгүн Кыргызстан сиздин жетекчилигиңиз астында өнүгүүсүнүн ар кыл чөйрөлөрүндө олуттуу натыйжаларга жетишип, алдыга карай ишенимдүү бара жатат. Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркы өсүүдө.

Биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктарынын катарында маанилүү орунду ээлейт.

Тажикстан менен Кыргызстанды достук жана ынак коңшулаштык мамилелердин бай тарыхый салттары байланыштырып турат.

Тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу мамлекеттер аралык диалог жана эки өлкөнүн өнөктөштүгү бардык деңгээлдеринде ийгиликтүү өнүгүп, достук мамилелерибиздин натыйжалуу кеңейишине өбөлгө түзүүдө.

Жакында болгон өз ара сапарларыбыздын жүрүшүндөгү жолугушууларыбызды жылуу сезим менен эстейм. Бул сапарлардын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу узак мөөнөттүү келечекке багытталган тажик-кыргыз кызматташтыгына жаңы дем берет деп ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост