Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады 

 Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады 

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Казакстан элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиздин мекендештериңизди Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул маанилүү күн боордош Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт, эркиндикке, улуттук биримдикке болгон түпкү умтулууну символдоштурат, кыргыз элинин өз алдынча мамлекеттүүлүккө жана эгемендүү өнүгүүгө болгон тарыхый тандоосун чагылдырат.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүштө, демократиялык институттардын калыптанышында жана эл аралык позициясынын чыңдалышында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул жетишкендиктердеги өзгөчө роль Сизге таандык. Сиз өлкөнү модернизациялоого жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган өтө маанилүү саясий жана экономикалык реформаларды жүргүздүңүз.

Сиздин стратегиялык багытыңызды кармануу менен Кыргызстан туруктуу өсүү жана жаратмандык прогресс жолунда ишенимдүү алдыга жыла берет деп ишенем.

Казакстанда казак-кыргыз көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары да тереңдетүүгө өзгөчө маани берилет. Кылымдардан бери келген достук, коңшулаштык жана өз ара колдоонун духунда биргелешкен аракеттерибиз менен мамлекеттер аралык байланыштарыбызды бекемдөөдө салмактуу натыйжаларга жетишебиз деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост