Касымалиев: Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун көпүрөсү болуп саналат
Чолпон-Ата шаарында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү, ага эки өлкөнүн ишкерлери катышты. Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жолугушууну Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү символикалуу жана иш-чарага өзгөчө маани берерин, аны менен катар катышуучуларга экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулоого гана эмес, Кыргызстан менен жакындан таанышууга да мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия федералдык штаттарындагы ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммелге иш-чараны уюштурууга жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кеңештин мүчөлөрү Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын маанилүү көпүрөлөрү экендигин белгиледи.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстан жетишкен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарына токтолду. Ал белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө олуттуу трансформациялар жүрүп жатат: санариптик инструменттер активдүү киргизилип, административдик процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүп, бизнести колдоонун жаңы механизмдери калыптанууда.
“2025-жылдын жети айында ИДПнын өсүшү 11,5%ды түздү, ал эми негизги капиталга инвестициялар 33,4%га өстү, бул экономиканын прогрессивдүү кыймылынан кабар берет”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Төрага Кыргызстан өндүрүштөрдү модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалдын өсүшүнө салым кошо ала турган германиялык инвестицияларга, технологияларга жана инновацияларга кызыкдар экенин белгиледи.
Анын сөзүндө өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары, жашыл технологиялар, транспорттук-логистикалык инфраструктура, ошондой эле каржы секторунда кызматташуунун келечегине бурулду.
Экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерине өзгөчө басым жасалды. Бул багытта Адылбек Касымалиев мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу тобокелчиликтерди белгиледи, анын айтымында, бул “аракетти жана биргелешкен демилгелерди бириктирүүнү талап кылат”.
“Биз Германияны табияттын активдүү коргоочуларынын бири катары билебиз. Тилекке каршы, экологиялык көйгөйлөр жылдан жылга курчуп баратат. Биздин тоолордогу мөңгүлөр эрип, көлөмү кескин азайып баратат. Мындай көйгөйлөр сиздерге да белгилүү, биздин урматтуу өнөктөштөр, жана мындай орчундуу негизги көйгөйлөрдү жоюу биргелешкен күч-аракетти талап кылат”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Ал өз сөзүндө “өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы” катары жаштарга да көңүл бурду. Анын айтымында, кыргыз жаштарынын немис тилине, маданиятына, кесиптик билимине болгон кызыгуусу артууда. Ал мындай гуманитардык байланыштар узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн бекем пайдубал түзөрүн белгиледи.
Жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев кыргыз-герман экономикалык мамилелери ийгиликтүү өнүгүп жатканын, бирок аларды мындан ары тереңдетүү үчүн потенциал олуттуу бойдон кала берээрин белгиледи.
“Бүгүнкү жолугушуу жана бизнес-форум туруктуу жана эки тарапка тең пайдалуу өнүгүүгө болгон жалпы умтулуубузду көрсөтөт. Кызматташуунун, тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен долбоорлордун негизинде гана биз реалдуу натыйжаларга жетише алабыз”, – деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен “Rhenus SE & Co. KG” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анын максаты – “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин транзиттик потенциалын жана логистикалык борборлорун эффективдүү пайдалануунун оптималдуу варианттарын изилдөө боюнча өз ара кызматташууну өнүктүрүү.