УКМК Академиясына жаңы кабыл алынган курсанттар аскердик ант беришти
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМК Академиясынын алгачкы курсанттарынын аскердик ант берүүсүнө арналган салтанаттуу азем өттү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чараны УКМК төрагасы ачып, ант берген курсанттарды окуу жараянынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө антка берилгендиктин, патриот болуунун жана жаш офицерлердин жогорку кесиптик даярдыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ташиев куттуктоо сөзүндө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2024-жылдын январына чейин атайын кызматтарга адистерди даярдаган өзүнүн атайын окуу жайы болбогонун эскерип, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен УКМК Академиясы түзүлгөндүгүн, ал эми азыркы курсанттар биринчилерден болуп аталган окуу жайда билим алууга мүмкүнчүлүк алышкандыгын белгиледи.
Ошондой эле өлкөбүздүн эртеңки коопсуздугу жана бүтүндүгү аларга жана Академиянын кийинки бүтүрүүчүлөрүнө көз каранды экендигин айтып, биринчи кезекте ата-энелеринин, УКМК жана өлкө жетекчилигинин үмүттөрүн актоону каалап кетти.
Ташиев курсанттарга татаал кесибинде ийгиликтерди, кайраттуулукту жана өз өлкөсүнүн патриоту болуусун каалады.