Жакында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда автобус каттамы ишке кирет

Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, эми Союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат.
“Аталган каттам жыл бою иштемекчи. Учурда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда.
Бүгүн, 25-августтан тартып “Каркыра-унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады.
Бул чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын жыйынтыгы менен кабыл алынган”, – деп жазды ал.