Чүйдө өнөр жай объектиси 2,13 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунда өнөр жай объектиси 2,13 гектар жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Панфилов районунун Чалдовар айылында жайгашкан 2,13 га аянттуу жер тилкеси менен “Чалдовар тигүү фабрикасы” АКтын өнөр жай объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.
Аталган объект 2004-жылы “Кыргызстанда Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн усулдарын бузуу менен аукцион же конкурс өткөрбөстөн, ошондой эле инвесторлорду тааныштырбай туруп Фрунзе айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде 2,13 га аянттуу жер тилкеси менен бирге жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
“Кыргызстанда Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, ошондой эле мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда 2025-жылдагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен “Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Баалоону жүргүзүү тартиби КР өкмөтү тарабынан бекитилүүчү нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат” деп так даана көрсөтүлгөн.
2003-жылдагы “Билим берүү жөнүндө” №92 сандуу мыйзамынын 47-беренесинин 6-абзацына жана 2023-жылдагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында, ошондой эле 2025-жылдын 8-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен 59-беренесинин 5-пунктуна ылайык: “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана менчикке берилиши мүмкүн, ошондой эле алар менчиктештирилүүгө жана ажыратылууга тийиш эмес” деп көрсөтүлгөн.
Учурдагы менчик ээси Д.В.И. аттуу Кыргызстандын жараны – аянты 2,13 га жер тилкеси бар мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.