Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын жаңы багыттары белгиленди

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлү Данияр Убышалиев Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу агенттигинин директору Акмал Жуманазаров менен өнөр жай кооперациясынын алкагындагы кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады, деп маалымдайт өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүлгөн айнек буюмдарын сертификатташтыруу жана өнөр жай продукцияларын лабораториялык сыноодон өткөрүү маселелери көтөрүлдү.

Өзбек тарап 1996-жылы Ташкентте кол коюлган стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча келишимди бүгүнкү шарттарга ылайык жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Бул жолугушуу өнөр жай кызматташтыгы аркылуу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү арттырып, импортту алмаштырууга шарт түзөрү айтылды.

Связанный пост