Кыргыз-казак чек арасында электрондук кезек системасы киргизилүүдө

 Кыргыз-казак чек арасында электрондук кезек системасы киргизилүүдө

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарына электрондук кезек системасы киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал белгилегендей, бул чара контрабандага, контрафакттык продукцияларга жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында ишке ашырылууда.

“Электрондук кезек системасы аркылуу жүк ташуучулар алдын ала катталып, белгиленген убакытта өткөрүү пунктунан өтө алышат. Мурдагыдай бир күн мурун келип, кезек күтүп туруу зарылчылыгы болбойт”, — деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Мындай система эсепке алуу жана көзөмөл механизмдерин жакшыртат. Ким кайсы товар менен, кайсы багытта бара жатканы тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде мыйзамсыз жүгүртүүлөрдү жана көмүскө иштердин алдын алуу үчүн натыйжалуу курал болуп эсептелет.

Связанный пост