“Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорлорунун болжолдуу баасы 6,2 млрд долларды түзөт

“Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорлорунун болжолдуу баасы 6,2 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Орто Азия инвестициялык холдинг” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен, директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы ⁠Сур Мухаммет Халук менен бир нече жолу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында “Казарман жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

2-августта министлер кабинети тарабынан жактырылган тескемеге ылайык, “Казарман ГЭС каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча КР министрлер кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык холдинги” АККтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган.

Долбоордун болжолдуу суммасы 3 млрд долларды түзөт. Техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоор толук жасалгандан кийин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоордун так суммасы аныкталат.

Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан 8-августта жактырылган тескемесинин негизинде “Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын курулуушу жөнүндө” министрлер кабинети менен “Орто Азия инвестициялык холдинги” ААКтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган. Долбоордун болжолдуу баасы 3,2 млрд долларды түзөт.

ТЭН жана долбоор толук жасалгандан кийин Курулуш министрлиги тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоордун так суммасы аныкталат.

Аталган документтерге энергетика министри Т.Ибраев жана “Орто Азия инвест холдинг” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен кол койгон.

Мындан тышкары, келишимде социалдык милдеттенмелер да камтылган.

Инвестор 2025-жылдан 2030-жылга чейин 5 жылдык мөөнөткө жыл сайын 5 млн доллар өлчөмүндө (Кыргыстандын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо) акысыз (демөөрчүлүк) жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Анда инвестор төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

5 жылдык мөөнөткө (2025-2030-жылы) жыл сайын 5 млн доллар өлчөмүндө социалдык салым, анын ичинен:

  • жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөтүү (ай сайын 1,8 млн АКШ доллары, 1000 жетим балага 150 АКШ доллары);
  • Кыргызстандын тиешелүү министрликтеринин мамлекеттик органдарын атайын жабдуулары менен жана материалдык-техникалык базасын модернизациялоону каржылоо (3,2 млн. АКШ доллары);
  • ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык программаларына катышуу;
  • тараптар тарабынан кошумча макулдашылган жардамдын башка формалары узундугу 340 км болгон 500 кВ электр берүү линиясын куруу. Аны “ КУЭТ” ААКнын балансына өткөрүп берүү;
  • ГЭС курулгандан кийин иштегенге кесипкөй инженер адистерди даярдоо, жумуш орун менен камсыз кылуу;
  • Энергетика министрлигин жана медицина тармагын атайын техникалар менен камсыздоо.

Бүгүн, 25-августта “Орто Азия инвест холдинг” ААК тарабынан мамлекеттик мекемелерге 30 даана автотехника тапшырылды. Бул жогорудагы көрсөтүлгөн социалдык милдеттенмелердин негизинде берилди.

Маалымат үчүн: Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар.

“Орто Азия инвестициялык холдинг” ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:

  • Ала-Буга ГЭСи – 600 МВт;
  • Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт;
  • Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ.

Жалпы кубаттуулугу 912 МВт.

Ал эми Көкөмерен ГЭСтер каскадынын курамында 3 ГЭС бар. Алар:

  • Каракол ГЭСи – 33 МВт;
  • Көкөмерен ГЭСи-1-360 МВт;
  • Көкөмерен ГЭСи-2 – 912 МВт.

Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт.

Связанный пост