Бишкекте Өзбекстан менен биргеликте жаңы логистикалык борбор курулууда

 Бишкекте Өзбекстан менен биргеликте жаңы логистикалык борбор курулууда

Кыргызстандын борборунда эл аралык деңгээлдеги “А” класстагы жаңы логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Долбоор Өзбекстандын колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөнүн транспорттук-логистикалык системасынын маанилүү булагы болмокчу. Курулуш үчүн “Белор-Строй” компаниясы менен кредиттик келишим түзүлгөн.

Жаңы комплекс 1,7 гектар жерди ээлейт. Ал 31 жаңы жумуш ордун түзүп, ишкерлерге заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген кампалар жана кеңсе имараттарын ижарага сунуштайт.

“А” класстагы логистикалык объектилер бийик эшик-терезелери, чаңга жана датка чыдамдуу полдору, климат-контрол системалары жана өрт коопсуздугу менен айырмаланып, кампаларды башкаруу автоматташтырылып, товарларды сактоо жана ташуу ылдамыраак жүргүзүлөт.

Связанный пост