1-сентябрдан тарта агрегаторлор таксисттер жана курьерлер үчүн салык төлөй баштайт

 1-сентябрдан тарта агрегаторлор таксисттер жана курьерлер үчүн салык төлөй баштайт

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып санариптик платформалар (агрегаторлор) алардын маалыматтык системаларын колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй тургандыгын эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, салык мыйзамдарына ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби киргизилет.

Бул ченем Яндекс Go, Glovo жана башка жеткирүү жана ташуу платформалары сыяктуу маалыматтык системаларды пайдалануу менен иш жүргүзгөн субъекттерге тиешелүү. Ал таксисттердин, курьерлердин, тамак-аш жеткирүүчүлөрдүн, жүк ташуучулардын жана башка ушул сыяктуу категорияда иштегендерге тиешелүү.

Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат.

Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелет:

  • 2025-жылдан 2028-жылга чейин – 1% ;
  • 2028-жылдан 2030-жылга чейин – 2% ;
  • 2030-жылдан тартып жана андан ары – 5%.

Мисалы, 2025-2028-жылдар аралыгында ставка 1% ды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда, агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот, ал эми жеке жак салыкты өз алдынча эсептеп, төлөбөйт.

Бул ченем салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, өз алдынча иштеген жарандарга административдик жүктү азайтууга, ошондой эле кирешелердин ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Связанный пост