Президент экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып алып, унаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды ыктыярдуу тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы Андрей Панаевдин ыктыярдуу түрдө таштанды терип жүргөнүн интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнүн билдирди.

“Сиздин кылып жаткан ишиңиз көпчүлүк үчүн үлгү. Экологиянын, табияттын чек арасы жок. Жер жүзү бир аба менен дем алабыз. Андыктан жер бетиндеги ар бир адам сендей иш кылыш керек. Биз экологияны, табиятты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Бул ар бир адамдын милдети. Сен азаматсың!”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Экоактивист Кыргызстанга саякаттап келгенин жана 2024-жылы Ысык-Көлгө эс алганы келип, көл жээгинде таштандыларды тазалап, ал аракети аркылуу башкаларды тазалыкты сактоого чакыргысы келгенин айтып берди. Андрей Панаев “Кыргызстан менин үйүм” деп өлкөдө биротоло калууну чечкен.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун таштанды терип, тазалыкка чакырган видеолорун көргөнүн айтып, муну менен өлкө башчысы башкаларга үлгү болуп жатканын баса белгидеди.

“Кыргыз элинин атынан, ыктыярчылардын атынан, экоактивисттердин атынан унаа белек кылам”,- деген өлкө башчы ата мекендик өндүрүштөн чыккан унаанын ачкычын Андрей Панаевге тапшырды.

Связанный пост