Касымалиев бир катар мамлекеттик органдарга 63 даана жаңы автотранспорттун ачкычын тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар ммлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев алгач иш-чарага чогулгандарды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан алдыда кирип келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы автоунаалуу болушу менен куттуктап, өлкөдөгү акыркы жылдардагы болуп жаткан өнүгүүлөргө учкай токтолду.
“Кадырлуу замандаштар, кыргыз мамлекети акыркы 5 жылда ыкчам жана туруктуу өнүгүүгө карай багыт алды. Быйылкы жылы ЕАЭБде өлкөнүн ИДПсы туруктуу 10 пайыздан ашык өнүгүү темпин сактаган мамлекет болдук. Акыркы 7 айдагы өсүү темпибиз 11,5%ды түздү. 2025-жыл чек арабыз толук чечилген тарыхый жыл болду. Быйыл бюджетибизде да тарыхый жыл болот – анткени жылдын аягына чейин консолидацияланган бюджетибиз 1 трлндон ашат деп болжолдоп жатабыз”, — деди ал.
Бардык тармактарда өнүгүүлөр катталып жатканын айткан Адылбек Касымалиев, Энергетика министрлигинде да реформалар, өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.
“Кыргызстандын энергетикасы мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Мисалы, 2021-жылы энергетика тармагына 14,8 млрд сом бөлүнсө, 2024-жылы капиталдаштыруу менен бирге 91,3 млрд сом бөлүндү. Атайын техникалардан тартып катардагы кызматкерлерге чейин чоң көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик, ал түгүл Борбор Азия масштабындагы ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСи башталды. Токтогул ГЭСинин акыркы гидроагрегаты реконструкцияга жөнөтүлдү. Ат-Башы ГЭСинин төрт гидроагрегаты алмаштырылды. Үч-Коргон ГЭСинин 3-агрегаты модернизацияга берилди. Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде жаңылоо иштери башталды. КАСА-1000 долбоору аягына чыкты. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкө боюнча быйыл 2025-жылы – 18 чакан ГЭС ишке кирет. Мына ушундай бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, энергетика тармагы мамлекеттин колдоосуна жана катуу көзөмөлүнө алынгандыктан, электр энергиясындагы жоготуулар жылдан жылга азайып баратат”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
МинКаб Төрагасы ошондой эле мамлекет инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айланганын, анын натыйжада ири каражаттарды жумшоого даяр инвесторлор келе баштаганын билдирди.
“Энергетика тармагында Казарман жана Суусамыр-Көкөмерен каскаддарын курууга боордош Түркия мамлекетинин ишкерлери кызыкдарлыгын билдирип, ага ылайык Кыргызстанда 2024-жылы “Борбор Азия Инвестициялык Холдинг” компаниясы түзүлгөн. Каскаддардын жалпы кубаттуулугу 2200 МВтты түзөт. Инвестор инвестиция катары 6 млрд доллардан ашык каражатты салууга кол койду”, — деди ал.
Белгилей кетсек, бул жолу алынган автоунаалардын — Кыргызстанда жасалган 30 даана шевролет үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине, ошондой эле 33 даана атайын техниканын 21 даанасы – “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына, ал эми 12 даанасы — “Кыргызкөмүр” ишканасына тапшырылды.
“Урматтуу иш-чаранын катышуучулары, экономиканын өнүгүүсү үчүн ар бир тармак өз ишинде жемиштүү иштеши керек. Бардык материалдык-техниканы чыңдоо үчүн сатып алынган техникалар максаттуу пайдаланылып, Сиздердин ишти жеңилдетет деген ишенимдемин”, — деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.