Өзгөндө футбол стадиону салтанаттуу ачылды
Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов спорттук комплекси салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Ачылыш аземи Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы “Өзгөн” – “ОшМУ” футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.
Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
“Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга жана кесипкөй командаларга өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, кесипкөй командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат”, – деди Ташиев.
Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.
Ачылыш азем жана беттеш 5 миңге жакын көрүүчүнү топтоду.
Маалымат үчүн: Азыркы заманбап стадиондун аймагында буга чейинки стадион 1968-жылы Өзгөн совхозу тарабынан курулган. Стадиондун реконструкциясы жана ага караштуу аймакты жакшыртуу боюнча иштер 2024-жылдын 1-июлунда башталган.
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 3,36 га гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 2 240 көрүүчүгө ылайыкталган.
Стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече
функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ
адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системасы үчүн
бөлмөлөр орун алды.
Стадиондун негизги оюн талаасы табигый көк майсаң чөптүү болуп, аны чуркоо аянтчасы курчап турат. Ал эми стадиондун өзү жана анын карамагындагы аянтчалар, жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.
Аталган стадион Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасында Өзгөн шаарынын атынан ойногон «Өзгөн» футболдук клубунун үй аренасы болот.
Бул стадион аймак тургундарына, өзгөчө жаш муунга дени сак жашоо образын
калыптандырууга зор мүмкүнчүлүк түзүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырат.
Ошондой эле ал өлкө чемпионаты менен бирге республикалык деңгээлдеги ири футболдук мелдештерди жогорку деңгээлде кабыл алууга ылайыкташтырылды.