Баткенде шифер өндүрүүчү завод ачылат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардын өнөр жай аймагында жайгашкан шифер чыгаруучу заводдун жалпы долбоордук баасы 70 млн сом.

Ишкана күнүнɵ 3500 дана шифер листерин ɵндүрүү кубаттуулугуна ээ. Жалпы 40тан 70ке чейин жаңы иш оруну түзүлөт.

Бүгүнкү күндө шифер заводунун жабдуулары толук алынып келип орнотулду. Сыноо иретинде шифер үлгүлɵрү чыгарылып, лабораториядан ɵткɵрүлдү. Завод толук кандуу иштөөгө даяр.

Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов өндүрүш ишканасынын даярдыгын көрүп, ишкананын ачылышы, курулуш материалдарына болгон суроо талапты женилдетүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Связанный пост