Кыргызстанда калктын саны 7 млн 337 миң адамга жетти

 Кыргызстанда калктын саны 7 млн 337 миң адамга жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2025-жылдын 1-июлуна карата 7 млн 337 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн калкы 55,6 миң адамга, же 0,8 пайызга көбөйдү.

2025-жылдын алгачкы алты айында Жарандык абалдын актыларын каттоо меекемелеринде 65 миң жаңы төрөлгөн бала катталган, бул 1000 адамга 17,9 түзөт (салыштыруу үчүн, 2024-жылдын январь-июнь айларында бул көрсөткүч 19,3 болгон).

Бул мезгилде каза болгондордун саны 16,1 миң адамды, же 1000 адамга 4,4тү түздү (2024-жылдын январь-июнь айларында 4,5 болгон).

2025-жылдын январь-июнь айларында калктын табигый өсүүсү 48,9 миң адамга жетип, бул 1000 адамга 13,5ке барабар (2024-жылдын ушул мезгилинде 14,8 ) болгон.

Калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалган.

Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталган.

Связанный пост