Бишкекте жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуу жайдын курулушу кызуу жүрүүдө

 Бишкекте жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуу жайдын курулушу кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайдын курулуш иштерин текшерди.

Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бул ири инфраструктуралык долбоордун жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөт.

Долбоор жөө жүрүүчүлөр жана шаар тургундары үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө максатын көздөйт. Жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жай борбордук көчөлөрдөгү унаа агымын азайтып, тыгындарды кыскартууга жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрү айтылууда.

Связанный пост